Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАк-Талаа району 08.06.2015 18:12

Айыл турмушу: Ак-талаалык ардагер И.Молдобаев 6 уул, 7 кыздын атасы, 65 неберенин чоң атасы, 124 чөбөрөнүн бабасы, 3 кыбыранын бубасы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын бүгүнкү күндөгү жалгыз согуш ардагери Итикул Молдобаев 1924-жылы 13-январда аталган кыштакта туулуп, бала кезинде оор күндөрдү башынан өткөргөндүгүн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде белгилүү болду.

1929-жылы атасы, басмачылылардын жергиликтүү эл менен кагылышуусунда, 1930-жылы апасына ок тийип, андан каза болгон. Мында Итикул аке 5 жашта гана болгон. Карындашы Алма 3, Итикул 5 жашында томолой жетим калышат. Небереси Итикул 1932-жылы Жерге-Тал жети жылдык мектебинин 1-классына кирип, 1939-жылы ал мектепти бүтүрөт. Борбуюн жерден алып, 1941-жылы, 17 жашында 7-классты бүтүргөндөн кийин Жерге-Тал айылында колхоздун ар кандай жумуштарында иштеп жүргөндө, күтүлбөгөн жерден каргашалуу согуш чыккан.

Жаш колхозчу 1942-жылы улуу согушка аттанган. Майданга жөнөгөндө 18 гана жашка чыккан ийилчээк улан Белорус фронтуна туш болгон. Эки ай аскердик даярдоодон өтүп, анан майдан талаасына жиберилген. Согушта немецтер менен окопто бетме-бет атышкан. Ошондогу күндүн суугу, снаряддардын күн-түнү ажал огун тындырбай чачып, жүрөктүн үшүн алып турганы жаш жоокердин жүрөгүнө түбөлүк өчпөй орногон.

1943-жылы март айында, ызгаардуу күндөрдөгү чоң салгылаштын биринде анын өпкөсүнө суук тийген. Өпкөдөн кагынып, кан түкүрүп, катуу ооруп, талаа санчасына түшөт. Мында Смоленск шаарында аткычтар полкунда кызмат өтөп жаткан болчу. Суукта окопто калып, катуу ооругандыктан, аталган шаардагы госпиталга 6 ай жатып, дарыланат. Натыйжа жакшы болбой, ай сайын аскердик комиссиядан текшерүүдөн өтүп турган. Андан дарыланып, ден соолуктары кичине оңолуп калган, согушка жарактууларын кайра майданга жиберишкен.

1943-жылдын сентябрь айында комиссиядан кайра-кайра текшерүүнүн жыйынтыгы менен жоокер Итикул Молдобаевди «Согушка жараксыз» деп таап, ар кандай 6 жараат алган, ден соолуктары начар кыргызстандык аскерлер менен бирдикте, Волков деген прапоршиктин коштоосунда Фрунзеге жөнөтүлгөн. Алы кеткен, оорусунан жапа чеккен солдат Жерге-Талга аман-эсен келген.

1944-жылдын сентябрь айында Итикул Молдобаев Жерге-Тал жети жылдык мектебине мугалимдикке дайындалат. Ушундан тартып анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө жол ачылат. 1945-жылы Үгүттүн Ичке-Суу айылындагы мектепке (Карликовый) мугалимдикке жиберилет. Андан кийин эле Чолок-Кайың айылына келип, педагогдук ишин улантат. 1946-жылы Кулмурзаева Макмалга баш кошуп, турмуш жолу узарат. 1947-жылы мугалимдерди даярдоочу Нарындагы эки жылдык педагогикалык окуу жайынан билим алып, анын дипломуна 1949-жылы ээ болот. Билимин жогорулатуунун, мезгилден артта калбоонун чоң жолундагы чыгаан педагог кийин В.В.Маяковский атындагы педагогикалык институттан сырттан окуп, 1970-жылы жогорку билимдүү адис педагог болгон.

Согуштун катышуучусу 1944-жылдан тартып, 1984-жылга чейинки 40 жыл бою педагогикалык кызматта жогоруда аталган башталгыч мектептерде жана башкысы, Чолок-Кайың айылында Ленин атындагы №1 орто мектебинде (азыркы Бердалы Календеров атындагы орто мектеби) башталгыч класстардын мугалимдигинде ийгиликтүү иштеген. Өзү менен бирге иштешкен нечендеген жаштарды өз жолуна түшүүгө үндөп, насаатчылык кылып, өрнөгүн, тажрыйбасын үйрөткөн.

Райондо «СССРдин эл агартуу отличниги» ардактуу наамын, билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн Лениндик юбилейлик медаль, жогоруда белгилеген СССРдин агартуу министрлигинин төш белгиси, республиканын эл агартуу министрлигинин эки Ардак грамотасы, райондун, облустун сыйлыктары, Жуков медалы, Улуу Жеңиштин юбилейлик ардактуу медалдары менен сыйланган. Кийин Жерге-Тал айылындагы орто мектепке ысымы ыйгарылган.

Жубайы Макмал менен 6 уул, 7 кыздын ардактуу ата-энеси 65 неберенин чоң-ата, чоң энеси, 124 чөбөрөнүн бабасы, 3 кыбыранын бубасы болушкан.

Учурда бул карыя 92 жаш куракка келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×