Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 08.06.2015 12:32

Айыл турмушу: Ош шаарында 23 жаштагы уста 25 жылдан ашуун колдонула турган бешиктерди жасап, сатууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 23 жаштагы тургун Шерзод 3 түрдүү дарактан бешик жасап сатууда. Ал бир бешикти 15-20 күн ичинде жасап бүтөөрүн айтат. Бешиктердин баасы 800 сомдон, 10 миң сомго чейинки баада сатылат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

«Бешик негизи үч түрдү материалдан жасалат. Арча, ак тал, кара талдан жасайм. Эң чыдамдуу болуп арчадан жасалган бешик эсептелет. Ош шаары боюнча арча бешиктер сатылбайт, атайын буюртма боюнча жасап беребиз. Арчаны алып келип беришсе, 4 миң сомдон жасайбыз, эгерде өзүбүз алып келип жасасак, 10 миң сомго чейин жасайбыз. Негизинен кара талдын бешиктери сапаты жагынан начар болуп, бат эле чирип кетет. Кара талдан жасалган бешиктердин баасы да арзан болот: 800 сомдон 1500 сомго чейин. Арадан эки үч жыл убакыт өткөн соң бошоп, кыйчылдап баштайт.

Учурда элдин дээрлик 80%ы ак талдан жасалган бешиктерди алып жатат. Ак тал чыдамдуулугу боюнча арчадан кийинки орунда турат. Сапаты жакшы жана баасы да өтө кымбат эмес. Ак талдан жасалган бешиктер кеминде 20-25 жыл кызмат кылат. Жакшы пайдаланса андан да көп колдонсо болот. Бешикти өзүм жасап сатам. Талды кургатып, боек берип, оймолорун түшүрөм. Азыр бешиктерди төшөктөрү менен сатып калганбыз. Төшөктөрү менен кошо 5-6 миң сомго чейин болот. Күнүнө 3-4 бешик сатабыз», - деди Шерзод.

Уста өзү сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты.

Ош шаарындагы бешиктердин баалары:

1. Арчадан жасалган бешик - 8-10 миң сомго чейин

2. Ак талдан жасалган - 1500-3000 сомго чейин

3. Кара талдан жасалган бешик - 800-1500 сомго чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×