Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.06.2015 11:20

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну короосуна гүлдөрдүн, жашылчанын түрлөрүн жана дары чөптөрдү өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Катя айым короосунда дарылык касиети бар чөптөрдү өстүрөт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал Кара-Көл шаарында көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Жайкысын 4-кабат аябай ысык болуп, муздак суу дагы эл короо суугаргандан улам чыкпай калат.

Катя айымдын жолдошунун кесиби куруучу болгондуктан, 1987-жылы пландап, эшиктеги короосуна жайкы жуунучу жай, кичинекей уктоочу бөлмө, жайкы ашкана куруп, бүт шарттарды ирети менен жасаган.

Короосу 110 чарчы метр, ичинде гүлдүн түрүнөн тартып, жашылчанын түрү, тамак-ашка кошкон жашыл чөптүн түрү өсөт. Ушул эле короодон кышкыга түрдүү салаттарды жасап алат.

«Мен дарыканадан дарыны аз сатып алам. Көбүнчө короомдо ич өткөккө, чачыраткы куурай, зверовой, ромашка сыяктуу дары чөптөрдү өстүрөм. Ромашка балдарды жуунтканга, бетке, аял затына эң керектүү чөп. Жайкысын короодо эс алып, ушул жерде уктайбыз. Бассейинибиз бар аны иштетчүбүз, азыр суу чыкпай жатат. Жайкы душка кошуналар дагы түшүп турушат, гүлдөгөн гүлдөрүмдөн майрамдарда элдер гүлдесте кылат элек деп алып кетишет. Жолдошум куруучу болгондуктан союз мезгилинде курган экен. Кийин союз таркап, орустар Россияга көчкөндө, короо жайларын сатып алган экен. Ошентип ушул короо кеңейип, бүгүн бизге дача же котедж сыяктуу эс алып турабыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×