Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.06.2015 17:32

Айыл турмушу: Фото - Кара-Көл шаарын сүт багытындагы эчкилерди саап, балдарын баккан үй-бүлө бар

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Сырга Бадырова жолдошу Насыр ага экөө үйүндө сүт багытындагы эчкилерди кармашат.

Сырганынайтымында, бул эчкини мындан 3 жыл мурун 10 миң сомго сатып алышкан. Жылына эгизден, үч эмден төл берет. Төлдөгөндөн соң тынбай чөп, жем берип турса, 7 айга чейин сүтүн бере берет.

«Абдан назик порода болгондуктан кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Билбей чаап койсо өлүп калышы мүмкүн. Бул эчкинин эң жакшы жери жеген тамагы жегендей сүт боло берет экен. Күнүнө эртең менен 2 литр, кечкисин 3 литр сүт берет. Эчкинин сүтү даарылык касиетке ээ, үй-бүлөмдү сүт менен касыздайт. Дастаркондо дайыма айран, каймак, сүзмө турат. Мындан сырткары, кошуналарыма чейин сүтү кенен жетет», - дейт ал.

Экинчиден, балдары мал караганга үйрөнүп, бош жүрбөй турмушта тиричилигине тың болушсун деген тарбиялык максаты бар. «4 балам тең чөп салып, эчкини аркандап, суу берип карашат», - деди ал.

Кара-Көл шаары тоо таштуу болгондуктан мал чарбачылыктан эчкини өстүрүү ыңгайлуу, кирешелүү. Өзүн, сүтүн, тыбытын сатса акчалуу болот. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн да эчкинин сүтү эненин сүтүнөн кийинки экинчи оорунда турат, дейт Сырга айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×