Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуТоң району 04.06.2015 17:10

Айыл турмушу: Тоң районунда күнүнө 10 ала кийиз, бир айда 20 шырдак даярдоого жетишкен кичи цех иштеп жатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кичи ишкана эл кызматында, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Бул жактагы кичи цехте жалпысынан 40ка жакын адам эмгектенет.

Күнүнө 10 ала кийиз чыгырылып, бир айда 20 шырдак даярдалат. Негизинен кыргыз кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүүгө багытталып, кийизден үй шартына керектүү буюмдардын бардыгы жасалат, дейт жетекчиси Кундуз Асанакунова.

Кийизден жасалган буюмдарга учурда чет элдик эс алуучулардын суроо талабы арбын болгондуктан сувенирлер жасалууда, дешет цехте иштеген айымдар. Жумушчулардын айлык маянасы 7 миң сомдон жогору. Кардарлар үчүн кийизден түрдүү буюмдар жасалып, бул жакта иш ар күнү кызуу жүрүп жаткан маалы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×