Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусуКадамжай району 03.06.2015 16:15

Айыл турмушу: Кадамжайдын Үч-Коргон айылында майып балдар мектебинин окуучулары устачылык жана тигүүчүлүктү үйрөнүп чыгышат (фото)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы тарбиялык мектеп интернатында Замира Раимжанова директор болуп 8 жылдан бери эмгектенип келүүдө.

«Биздин мектеп негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан балдарды окутуп тарбиялайт жана алардын ичинде предметтик сабактардан жетише албаган балдар да көп», - деди ал.

Директордун маалыматында, бул интернат мектебинде 9 класс бар жана ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген программалар менен окуучулар окутулуп келүүдө.

Замира айым билдиргендей, бул окуу жайы 1976-жылы ачылып, пайдаланууга тапшырылган жана бүгүнкү күндө кайрадан оңдооиштери жүргүзүлгөн.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн күнүнө 4 маал тамак берилет. Анда жатакана, кыздар үчүн тигүү цехи, жигиттер үчүн устачылык ийримдери ачылган. Балдар бош убактыларын ушул жерде өткөрүшөт. Окуучулар азыркы учурда жайкы эс алууга кетишкен.

Мектеп жамааты көптөгөн демөөрчүлөр менен иштешип, өздөрүн каржылаганга да аракеттенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×