Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.06.2015 15:39

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Алеся Дёмкина үй шартында дарылык касиети бар самын жасап, кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы тургуну Алеся Дёмкина үй шартында дарылык касиети бар атыр жыттуу самындарды жасоо менен алектенет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ал үй шартында эфир майынан адамдын терисине пайдасы бар самын кайнатууну үйрөнүп алган. Бул өнөрдү Алеся Владимировна Москвада жүрүп өздөштүрүп алган. Самындын дарылык касиети эле эмес, анын тышкы көрүнүшү да адамды өзүнө тартып турат. Алардын формасы көпөлөк, жүрөкчө, роза гүлү жана башкаларга окшошуп даярдалган.

Самындын курамына ар кандай табигый, базалык продуктылар, эфир майы кошулат. Булар адамдын терисине пайда келтирип, жагымдуу жыт берип турат.

Боектору болсо табигый — жер жемиш жана башка чөптөрдөн алынат.

Өз колу менен жасалган бул товарларын сатуу менен Алеся үй-бүлөлүк кирешеге кошумча каражат табат. Ушул тапта ал дарылык касиети бар бул самындардын ар түрдүү дизайнын ойлонуштуруп жатат.

SAM_2039

SAM_2041

SAM_2032

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×