Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.06.2015 17:14

Айыл турмушу: Сүрөтчү К.Осмоналиев эгерде жер бөлүнсө Балыкчы шаарына көркөм сүрөт галереясын ачсам, деген тилеги бар (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын эски базарынын ичиндеги бир бурчунда Осмоналиев Курманбек мырза сүрөт тартып иштейт.

Анын өзүнүн туулган жери Нарын областынын Ат-Башы айылы. Ал эми Балыкчы шаарына үй-бүлөлүк шарты боюнча 1 жыл мурун көчүп келген. Курманбектин айтуусу боюнча, айылдан чыккан сүрөтчү жөн гана тубаса сүрөтчү эмес, 2 окуу жайды бүтүргөн. 1980-жылы Фрунзе көркөм окуу жайынын Көркөм текстиль бөлүмүн бүткөн, 1987-жылы Ленинград шаардындагы Лелинграддык көркөм өндүрүм институтунун Сүрөтчү конструктор (дизайнер) бөлүмүн бүткөн. Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы көркөм окуу жайында 5 жыл, Чолпон-Ата шаардык архитектурасынын конструктор бюросунда 6 жылдай эмгектенген, 1998-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварындагы Көркөм галереяда иштеген жана бул галереяны ачууга көмөктөшкөн. Кээ бир сүрөтчүлөр пейзаж же портретке басым жасаса, Курманбек сүрөттүн бардык түрлөрүн тартат. Базардагы сүрөт тарткан жери тар болгондуктан сүрөттөрүн алып келе албайт. Жер бөлүнсө Балыкчы шаарына да Көркөм сүрөт галерея ачсам, деген тилеги бар.

Балыкчы шаардык Маданият үйүндөгүлөр Курманбек мырзанын жумушка алабыз деп жатышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×