Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 01.06.2015 15:07

Айыл турмушу: Кызыл-Кыяда отставкадагы аскер кызматкери Валерий Ваньков коён багат

Turmush -  Валерий Анатольевич Ваньков 24 жыл Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Анын милдеттери ар түрдүү болгон: ар кандай кызматтардын жетекчиси, комсомолдук уюмдун катчысы жана башка.

Ал отставкага кеткен күндөн тартып бакма коёндорду кармоо менен алектенет. Ал үчүн бул иш бөтөн эмес. Анкени коён багуу менен анын чоң атасы, өзүнүн атасы жана агалары алектенип келишкен.

Коёндордун көбү негизинен эт породасындагылар.

Валерий Анатольевич бардыгын илим боюнча жасайт: мисалы аларды багуу, тамактандыруу ж.б.Жемдерди өзүнүн огородунан жана базардан алат.

«Мурда 72 баш коен бар болсо, азыр алардын азык-түлүгү кымбаттап жаткандыгына байланыштуу аларды саны азайтылды», - деди ал.

Ал кошумчалагандай, муну менен катар канаттууларды багуу менен да алектенип келген, бирок аларга азык болуучу жемдин кымбаттыгынан бул кесип менен кош айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×