Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 01.06.2015 09:48

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Тилекмат айылынын тургуну М.Эскожоев уяң жүндүү кой багып, бодо малдарды асырап келет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну Мукамбет Эскожоев элеттик иштерман, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, союз тарап, дыйкан-чарбаларга бөлүнгөн маалда тоок багуу менен ишкердикти баштаган.

Азыркы учурда уяң жүндүү кой багып, аны менен бодо малдарды асырап келет. Муканбет Эскожоев өз сөзүндө белгилегендей, анын бош убакыт жокко эсе. Анткени, таң сүргөндө мал тейлеп, чакан устаканасында комуз чабат.

Ошондой эле, айылдаштары үчүн кашаа жана жыгачтардан буюмдарды жасоо менен алектенет. Алдыда мал чарбасын өнүктүрүү багытында асыл тукум койлорду көбөйтүүнү максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×