Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусу, Ош 22.01.2014 10:28

Ош шаарында жасалма алкоголду өндүрүп жаткан цех табылды

Turmush -  Ош шаарында күмөндүү акциздик маркаларда кустардык жол менен жасалган алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча жашыруун цех аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борбору билдирди.Маалыматка таянсак, Мамлекеттик салык кызматынын түштүк региону боюнча Этил спиртин, алкоголдуу жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө, Ош шаарында 54 бөтөлкө колго жасалган алкоголу («Русская» арагы) алынды.

Мындан сырткары, жашыруун цехтен 330 даана күмөндүү сапаттагы акциздик маркалар, 686 даана этикеткалар жана 200 даана капкактар табылды.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тийиштүү документтери жок алкоголдук продукцияларды сатуу фактысы аныкталып, күмөндүү акциздик маркалар менен колго жасалган 170 бөтөлкө арак алынды.

Салыктык текшерүүнүн материалдары укук коргоо органдарына тийиштүү чара колдонуу үчүн жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×