Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 28.05.2015 12:21

Айыл турмушу: Чолпон-Ата шаарындагы шире чыгаруучу ишкана эми соктун 10дон ашык түрүн өндүрүүнү максат кылууда

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы шире чыгаруучу ишкана өзүлөрүнүн ассортиментин көбөйтүүнү максат кылууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Учурда бул жерде ширенин 5 түрү чыгат. 1991-жылы негизделген ишкана ширенин 18 түрүн чыгарып келген, кийинчерээк жемиштердин кымбаттаганына байланыштуу, ширенин түрлөрү кескин түрдө азайган.

Кыргызстандын бажы биримдигине кириши менен алар да өз ишин жандандырышып, 30 жумушчу орду түзүлүп, жаңы жабдуулар алынып келинди.

Эми бул ишкана ширенин 10дон ашык түрүн чыгарууну максат кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×