Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАраван району 28.05.2015 10:19

Айыл турмушу: Араван районунда жеке ишкер А.Азимов 140 миң сомго курган эки күнөсканасы учурда үзүрүн берүүдө (фото)

Turmush -  Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Бостон айылынын тургуну, жеке ишкер Азимов Асанбай өткөн жылы эки күнөскана курган, анын аянты 3 сотыхтан.

Ага жалпысынан 140 миң сом сарпталган, декабрдан бери буйрутма менен көчөт өстүрүп сатып, эми бүгүнкү күндө помидор бышырып сатып келет.

Азимов Асанбайдын өстүргөн жашылчаларын республикалык семинардын катышуучулары да көрүп баа беришти.

Кезегинде ал мыкты огрономчу катары айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин Ардак грамотасына татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×