Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусу 26.05.2015 12:50

Айыл турмушу: Таласта таштанды төгүүчү жай кышында муз аянтчасына, жайында балык өстүрүүчү чакан көлгө айланды (фото)

Turmush -  Дене тарбия сабагы боюнча окутуучу Советкан Жекшеналиев үч жыл мурун өзүнүн атасы Мырзакан Жекшеналиевдин кеңеши менен Бишкектен кичи мекени Талас районунун Көк-Талаа айылына көчүп келген.

Талас токоюна жакын аймактан үй сатып алган. Анын жанында эски карьердин орду болгон жана ал жерди жергиликтүү эл таштанды төгүүчү жер кылып алышкан.

Демилгечи Советкан бир идея ойлоп таап, эски карьерди пайда табуучу булакка айлантты. Кеч күздө карьерди тазалап, ага суу толтурган. Анын тоңдуруп, муз тебүүчү ондогон коньки жана хоккейдин шарын чабуучу таяк (клюшка) сатып алган. Биринчи суук түшкөндө муз тебүүчү аянт жергиликтүү хоккейжанамуз тебүүнү сүйүүчүлөрдү кабыл алууга даярдалды.

Адегенде акысы абдан эле арзан болгон. Өтө көп чыгымды талап кылбастан ачылган бул аянт киреше табуучу жайга айланды.

Жергиликтүү хоккей командасы быйылкы жылы Нарын облусуна республикалык чемпионатка катышууга даярданып жатат.

Ал эми жайкысын бул муз аянты балык чарбасынан киреше табуучу булак болот. Учурда бул жерде балыктын үч түрү өстүрүлүп жатат.

«Кийинки жылы бул көлдү чакан Гавайи аралына айлантам», - деп кыялданат Советкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×