Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.05.2015 12:05

Айыл турмушу: Караколдогу мал базарда учурда жылкылардын баасы эттүү букаларга карата кескин түшүп кетти (фоторепортаж)

Turmush -  Кыргызстандагы эң чоң мал базарлардын бири Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан жана ал ар бир аптанын жекшемби күндөрү иштейт.

1989-жылы Пржевальск шаарында (Каракол) негизделип, «Мал базар» деген ат менен ачылган. Башында бул мал базар азыркы «Ак-Тилек» базарынын аймагында орун алган, бирок кеңейип кеткендигине байланыштуу башка жерге көчүрүлгөн.

Базарга Ысык-Көл облусунун бардык район, шаарларынан малдарын сатуу үчүн алып келишет. Базар түн ичинде эле ачылып, түшкө чейин иштейт. Негизинен казакстандык ишкерлер келип, көбүнчө жылкыларды сатып алып кетишет.

Ири мүйүздүү малдарга болгон баа жума сайын өзгөрүлүп турат. Мисалы, бир чоң эттүү бука өткөн жумада 68-75 миң сомдон сатылып жатса, бул жумада алардын баасы 80 миң сомго чыкты. Ал эми жылкылардын баасы ири мүйүздүү малдарга карата кескин түшүп кетти. Учурда аларды 50-55 миң сомго сатып алууга болот.

Ортомчулар белгилешкендей, жылкыларга болгон баа күзүндө суроо талап көп болгондо кескин көтөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×