Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.05.2015 11:39

Айыл турмушу: Ак-суулук темир уста мал базарда күнүнө 10дон ашык атты такалап, 7 миң сомдой киреше табат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын тургуну Дастан Жакшылыков 8-классынан тартып эле темир устачылыкка кызыга баштаган. Кийинчерээк бул өнөр анын негизги кесибине айланды. Ал 20 жылдан бери така жасоо менен алектенет.

«Мен кичинекей чагымда колхоз учурунда ат така кантип жасалып, кантип кагыларын биринчи жолу көрдүм. Акырындык менен бул ишке мен дагы аралаша баштадым, кийинчерээк устаттардан кесипкөйлүк деңгээлде жасаганды үйрөндүм», - деди ал.

Темир устанын айтымында, ар бир жуманын жекшемби күндөрү мал базарга барып, 10го жакын атты такалайт, кээде андан да көп болот. Ар бир ат үчүн 600 сомдон төлөнөт.

«Биз бул жерде өзүбүздүн устаканабызды уюштурганбыз», - дейт Дастан Жакшылыков. Учурда ал жерде тиешелүү тетиктер орун алган. Мисалы, бир атты такалоо үчүн 10дон ашык инструмент пайдаланылат.

Кээде асыл тукум жылкыларды дагы алып келишет. Бул учурда ал өзүнүн мугалими менен кылдаттык менен жоопкерчиликтүү мамиле кылып, атка така уруп беришет. «Анткени, алар ар кандай ат оюндарга, жарыштарга катышат. Ошондуктан ыңгайлуулугун, сапаттуулугун карайбыз», - деп билдирди Дастан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×