Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Баткен облусуКадамжай району 25.05.2015 18:44

Айыл турмушу: 81 жаштагы өзбекстандык Т.Юсупов Кадамжай шаарына келип, бильярд ойноп, жаштарга үлгү көрсөтөт (фото)

Turmush -  Өзбекстандын Фергана районунун Шахмардан айылынын тургуну 1933-жылы туулган Юсупов Тожали күн сайын Кадамжай шаарына келип, спорттун бильярд түрүнөн өзгөчө оюн көрсөтүп кетет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тожали аксакалдын айтымында, бүгүнкү күндө 83 жашка толгон. Бирок өзүн тың алып жүрөт. Өзү теңдүү аксакалдар шаардагы бильярд залына келгенин көрө элек.

«Мен бул оюнду 1960-жылдары баштагам. Ошол убактан бери бул оюнду калтырбай ойноп келем. Азыркы күндө Кадамжай шаарынын эң мыкты жаш оюнчулары менен оюн көрсөтөм. Жаштыгымда мыкты оюнчу болчумун, азыр жашым өтүп калганынанбы колумду титирек басып, шарларды жакшы уралбай калдым. Үй-бүлөм Өзбекстанда болгону менен мен өзүм күн сайын бильярд ойноо үчүн Кадамжай шаарына келип кетем», - дейт ал.

1975-жылдары үй алуу максатында Кадамжай шаарындагы өрт өчүрүү ишканасында 11 жыл иштеп турган. Ошол убактарда 20 жыл оюн ойнобой жүргөн. Андан соң үй жайлуу болгондон соң бул оюнга кайра кызыгуу менен кайра баштады. «Аксакалдарды спортко кызыгуусун айтып кетер элем, себеби кайсыл спорт болбосун адам баласына өтө пайдалуу, ден соолугу чың болот», - дейт ал.

Үй-бүлөсүндө 15 небере, 5 чебере көргөн. Эгерде ал теңдүү оюнчулар болсо кайсы жакка барып болбосун ойногонго даяр. «Мен бул оюнду зериккенимден же болбосо колум боштугунан ойнобойм. Мен бул спортту сүйүп, жаштарга үлгү болуу максатында ойноп келем. Бильярд ойногон учунда дем алам. Көп баскан сайын бутума машыгуу болуп, өзгөчө жеңил сезем өзүмдү. Ар бир нерсенин өз себеби болот дегендей, эки коңшу мамлекттин постунан өтүү кыйын болсо да, Кадамдай шаарына келип, өз жаштыгымды эстеп, жаш оюнчуларга оюн көрсөтүп келгениме кубанычтамын», - дейт Тожали ата.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×