Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 25.05.2015 14:37

Чолпон-Ата шаарында кол өнөрчү Г.Сатиева фетр материалынан буюм кабын жасап, интернет аркылуу сатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну Гүлназ Сатиева кол өнөрчүлүктүн жаңы, заманбап түрүн жөнгө салууда. Ал фетр материалынан телефон, планшет, ноутбуктун каптарын, китептин сырттарын жана башка ар түркүн кооз буюмдарды жасайт.

«Мен өзүм тикмечимин, учурда үч кызымды тарбиялап үйдө отургандыктан, кызыктуу нерсе менен алектенгим келди. Интернеттин жардамы менен фетр материалы менен иштөөнү үйрөндүм. Учурда ар кандай буюмдарды жасоонун сырларын толук өздөштүрдүм, мен буларды келечекте өзүбүздүн эле кийизден жасоону максат кылуудамын, кийиз кымбатыраак болгондуктан азырынча фетр менен жасап жатам. Жайында биздин шаарда өтүүчү кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» аттуу иш-чарасына жасалган буюмдарымды алып чыксамбы деп турам», - деп билдирди кол өнөрчү Гүлназ Сатиева.

Азыр ага атайын буюртма менен ар кандай буюмдарды жасаткандардын саны арбып барат. Үй кожойкеси көбүнчө соодо-сатыгын ага ыңгайлуу болгон интернеттин жардамы менен жүргүзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×