Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Баткен облусуКадамжай району 25.05.2015 09:50

Айыл турмушу: Үч-Коргон айыл өкмөтү жана жамааты 450 миң долларга чейинки эл аралык долбоорго активтүү катышууда

Turmush -  Жакыпов Алтынбек Баткен облусу боюнча ARISтин эксперти болуп иш алып барат. Анын билдирүүсүнө караганда, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты ARIS иштеп чыккан жаңы долбоорго өздөрүнүн активтүүлүгүн көрсөтүшүүдө.

Айылдарды инвестициялоо боюнча каралган ARISтин бул долбооруна жалпы Баткен облусу боюнча 25 айыл өкмөтү катышкан. «Биз айыл өкмөттө иштеген жумушчу топторго атайын окутууларды жүргүзөбүз, андан кийин эң мыктылары тандалып алынат. Колдоого алынган долбоор 20 миңден 450 миң доллар суммадагы акча менен каржыланат. Бул акчалар жакырчылыктын алдын алуудагы жумуштарга сарпталат», - деди ал.

Жакыповдун билдиришинче, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин(АРИС) долбоорунун биринчи жана экинчи этабы жалпы Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн этаптарда Баткен облусу боюнча Кадамжай районунан Кайтпас, Кыргыз-Кыштак , Алга айыл өкмөттөрү да ийгиликтүү катышышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×