Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.05.2015 13:37

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында Орусиядан келип убактылуу такси айдоочу болуп иштеп жаткан Мирлан кайрадан кетүүнү пландап жатат

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Карымшаков Мирлан «Супер такси» кызматында иштейт. Ал 1983-жылы туулган, үй-бүлөлүү, балдары, келинчеги бар.

Кесиби боюнча автожолчу. Мурда ал көмөкчү чордондо электро монтажчы болуп иштеген. Акыркы 2 жылда Россияда курулуш иштеринде жумушчулардын бригадири болуп эмгектенген. Учурда Кара-Көлдө, бирок кайрадан Орусияга кетерин айтты.

«Супер такси» кызматында өзүм курактуу 3 досум бар, кардарлардан чакырык түшкөндө кимибиз бош болсок, ошонубуз бара беребиз. Эл да көнүп, билип калышкан, күн-түн дебей кызмат кылабыз. Шаар ичиндеги күндүзгү буюртма 50 сом, түнкү буюртма болсо 100 сомдон. Шаар сыртындагы айылдарга, маселен Чоң-Таш, Совхоз, Ылдыйкы пост өңдүү жерлерге күндүз 150 сом, түнкүсүн 200 сом алабыз. Мындан сырткары, Бишкек, Жалал-Абад өңдүү шаарларга буюртма чыкса, убакытка карабай, токтоосуз чыга беребиз. Жакында эле Бишкекке барып келдим», - дейт ал.

«Досторумдун баары жумушсуз, ишке орношууга орун жок, орун болсо, тааныш жок. Иштеп тапкан пайдам күнүмдүк турмушка жетип жатат. Жакшы болгондо 700 сом, эч болбоду дегенде 200-300 сом пайда көрөм», - деди М.Карымшаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×