Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.05.2015 13:15

Айыл турмушу: Фото - Ысык-Көл районунун тургуну, 6 баланын энеси А.Чотубаева гүлдүн түркүн түрүн өстүрүп, сатууну баштады

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары Ольга Дяник менен алты баланын ата-энеси Мирбек Макеев жана Айнура Чотубаевалар 20 жылдан бери ынтымактуу жашаган кошуналар.

Эми кичинекей ишкердигин да чогуу башташты. Алгач гүл өстүрүүнүн сырларын Ольга Ивановна үйрөнүп, түркүн гүлдөрдү өстүрүп, анан сата баштаган. Алты баланы тарбиялап жаткан коңшусуна да жардам көрсөткүсү келип, алар менен гүл өстүрүүнүн жолдору менен ой бөлүшүп, сунуш киргизген. Эми кошуналар 50гө жакын үйдө коюлчу гүлдөрдүн түрүн өстүрүп сатышат.

Алар Кара-Ой айылынын борбордук көчөсүндө жашашгандыктан гүлдөрүн үйүнүн жанына эле жол жээгине коюп, сатышат. «Мен жубайым гүл сатып баштагандан бери темирден түркүн гүл койгон темир текчелерди, ширетип жасаганды да үйрөндүм, эми чоподон кооз карапаларды да жасайын деп турам. Айыл жеринде балдарды багууга кичинекей ишкердигибиз жөлөк болууда. Бул багытта жол көрсөткөн Ольга Ивановна рахмат», - дейт Мирбек Макеев.

Кошуналар жайкы эс алуу мезгилин чыдамсыздык менен күтүшүүдө, анткени жолдон ары-бери өткөн эс алуучулар көз жоосун алган гүлдөргө кызыгып, сатып алышып, соода кызыйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×