Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Талас облусуКара-Буура району 23.05.2015 10:23

Айыл турмушу: Кара-Буурада тайганчы Э.Алымкулов уруксаатсыз балык уулагандарды кармап, аларга балык өстүрүүнү үйрөтөт (фото)

Turmush -  Талас облустук мергенчилик инспекциясынын Чат-Мазар постунун егери Эркин Алымкулов 30 жылдан ашык убакыттан бери Кара-Буура капчыгайында уруксаатсыз балык уулагандарды кармап келет.

Бул жылы ал уруксаатсыз балык кармагандарга балыкты өзүлөрү өндүрсө болорун көрсөткүсү келди. Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан постто 2 көлмө жасап, форель балыгын өстүрө баштады. Форелдин чабактарын менен жемин Кара-Балтадан сатып алган. 10 миң чабак азырынча тоодо жасалма көлмөгө ылайыкташып жатат.

Эркин Алымкуловдун айтымында, алар бир айда орточо 5 сантиметр чоноёт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×