Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.05.2015 10:47

Айыл турмушу: Фото - Кара-Көл шаарындагы тиш жуучу щетка чыгаруучу заводун бут кийим фабрикасына жана тигүүчү цехине айлантса болот, - директору А.Жолдошов

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Союз убагында 5-6 заводдон корпорация болуп, электр бириктиргичтерин (соединитель) чыгарган чоң монополист «Достук» заводу болгон. Бүгүнкү күндө 4 кабаттуу чоң имараттын аз гана бөлүгү иштейт.

Союз учурундагы техникалар, имараттын өзү, чатырлары тешилип, жамгыр жааса тамчы өтүп, иштен чыккан.

1996-жылдан баштап тиш жуугуч щеткаларды чыгара баштаган. 1998-жылы Индия өлкөсүнөн 486 миң доллар өлчөмүндө техникалык жабдууну насыяга алып, аны ушул күнгө чейин төгүп келет. 1998-жылдан баштап тиш жуугучтун 5-6 түрүн чыгара башташкан. Бүгүнкү күндө завод ачык акционердик коом болуп эсептелет

Директору Аскар Жолдошовдун айтымында, 2001-жылдан тартып тиш жуугуч щеткаларды жакшы чыгарып башташкан. Казакстанга, Россияга чейин жөнөтүшчү.

«Бирок 2005-жылы жана 2010-жылы болгон өлкөдөгү революциядан кийин Россия, Казакстанга жол жабылып, ал жакка жиберген товарлар көп убакытка бажы кызматынан өтпөй туруп калды. Кардарларыбыз башка жак менен келишим түзүп алганбы, айтор биздин продукциядан баш тартып коюшту. Ошол кездери 27 млн даанага чейин продукция чыгарып калган элек. Анан керектөө жок, биздин товардын деңгээли төмөн түшүп кетти», - дейт ал.

Бүгүнкү күндө Бажы кызматына киргенден кийин заводдун үмүтү чоң болуп жатат. Инвесторлор келеби деген ою бар. «Биздин имаратыбыз аябай чоң. Келечекте бут кийим чыгаруучу фабрика, тигүүчү цех ачса болот. Жумуш орундары болот, эл дагы эмгек менен алектенет. Бирок мунун баары каражатка келип такалууда», - деди директор.

Тиш жуугуч щеткадан башка 5-10 литрлик чака, 15 литрлик дагара, кийим илгич, таштанды сузгуч өңдүү турмуш тиричиликке керектүү желимден жасалган буюмдарды чыгарат.

Учурда 60 киши иштейт, кээде заводдун иштеши токтоп дагы калат. Жумушчулардын айлыгы аз, көбөйтүүгө шарт жок. Индиядан алган техникалык карызын төлөп кыйналып жаткан убагы.

Учурда продукциялары ички рынокко жана Баткен аркылуу Тажикстанга тарайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×