Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.05.2015 17:35

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө достошкон үч тургун мөмө жемиштердин көчөттөрүн өстүрүп, сатышат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургундары, достор: Бегалы Маразыков, Бакыт Жангиров, Олжобек Деркембаев айыл өкмөтүнөн ижарага 40 сотых жер алып иштетишет, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алар бул жерге алма, өрүк, карагаттын көчөттөрүн өстүрүп, көчөт сатып киреше табышат.

«Талаабызда болжол менен 10 миң көчөт бар. Көчөттөрдү бир жыл өстүрүп, кийинки жылы бир даанасын 150 сомдон сатабыз», - дейт ал.
Ал эми карагаттар долбоор менен келгендиктен көчөтү 70 сом турат. Ошондой эле, мектептин 23 окуучусуна жумасына 2 күн багбанчылык боюнча сабак өтүшөт.

Айылдагы мектепте 8-класс окуган Рыскелди Маратбек уулунун айтымында, ал 3 достун сабагына дайым келет. «Агайлар бекер эле окутушат. Өзүбүз келип кыйыштыруу, данектен өстүрүү, туура сугаруу тууралуу билим алабыз. Үйрөнүп калдым. Мурда алмаларды кыйыштырууга акчага киши жалдасак азыр өзүм эле кыйыштырам», - дейт ал.

Учурда үч дос ишмердүүлүнүн «Темир бакыт» жоопкерчилиги чектелген коом деп атап алышкан.
Багбанчылардын айтымында, көчөттөрдүн ичинен алманын старкримсон түрүнө көбүрөөк суроо талап болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×