Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.05.2015 14:53

Өзгөн районунда кызамыкка каршы эмдөөнүн 81%ы аяктады

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун жашоочуларынын 81%ы кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү.

Райондун эмдөөнү пландаштыруу борборунун башчысынын орун басары Жамийла Баетованын айтымында, аталган райондо жалпысынан 102 миң 354 жаран эмдөө алышы керек. 20-майга чейин 82 миң 962 адам эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинде мектепке чейинки курактагы 26 миң 217 бала, 43 миң 497 окуучу, 326 бала бакча кызматкерлери, 849 студент, 964 медицина кызматкери жана 3063 мугалим бар.

Эмдөө 23-майга чейин жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×