Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 30 жаштагы тургуну М.Абдыгулов «дакан» тоокторун багуу менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 30 жаштагы жашоочусу Максат Абдыгулов «дакан» породасындагы тоокторду багат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, жалпысынан анын 8 «дакан» тоогу бар. Алардын экөөсү 5тен 6дан жөжөлүү. Бардыгы дакан тооктору болгону менен арасында аралашы дагы бар.

«Жалпысынан баары бир порода болгону менен башынын үстүндөгү таажысы ар түрдүү. Мисалы, бирөөсүнүкү бар, бирөөсүнүкү таажысы жок же ар башкача болот. Жакында атайын бир жуп дакандарды атайын Кочкор -Ата шаарынан 1500 сомдон, экөөнү 3000 сомго сатып келдим. Негизинен мурунтан «дакан» тоок бакканга кызыгып жүрчүмүн. Күнүнө тамак-аш калдыктарын, жүгөрү, жүгөрүнүн шагынан жем жешет. Кээде эт берип турам. Алардын арасында урушка түшчүлөрү дагы бар», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8208
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×