Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.05.2015 11:34

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү маданият үйүнүн кызматкери Ж.Мамадиева өз ишинен тышкары бий ансамблин жетектейт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Энергетик маданият үйүндө көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келген Мамадиева Жылдыз айым кандай гана шаардык иш-чара, майрам өтпөсүн сөсүз ошол кеченин алып баруучусу болот.

Бул ишинен сырткары, атайын шаардык балдар «Мираж» бий ансамблин жетектеп келет. «Мираж» бий ансамбли шаардык маданият үйү тарабынан колдоого алынып келет.

«Биздин бий ансамблди маданият үйүнүн директору Калыбеков Эшим Куржунбаевич колдоп, атайын маданият үйүнөн бийлөөгө бөлмө бөлүп берген. «Миражды» 2004-жылы түздүм. Башында 10 окуучу менен иш баштаганбыз, учурда 100 окуучубуз бар. «Миражда» бийлеген окуучуларыбыз чоңоюп, өздөрүнүн бий ансамблдери бар. Маселен, Айпери Култаева «Келечек» бий ансамблин жетектейт, Айпери Кулумбетова «Мираждын» хореографы. Быйыл Ош, Жалал-Абад областтарына гастролго чыктык. Токтогул шаарына концерт койдук», - деди ал.

Ж.Мамадиеванын айтымында, эми алардын кыялдары Ысык-Көлдө өтүүчү бий фестивальдарына катышуу. «Шаарда кандай гана иш-чара өтпөсүн менин окуучуларым тикесинен тик туруп катышып, бий бийлешет. Көбүнчө элдик бийлерге басым жасайм, диско жана бальный бийлерди дагы балдардын кругозорун кеңейтүү үчүн үйрөтөм», - дейт Жылдыз айым.

Анын маалыматында, айына ар бир бала 200 сомдон төлөп, бий үйрөнүшөт. 40 баланы материалдык шартына жана үй-бүлөлүк абалына карата бекер окутат. Чогулган акчалар костюмдарга, эки жакка чыкканга жумшалат.

«Мираж» бий ансамблинин көптөгөн жетишкендиктери бар. Шаардык, областтык жана профсоюздук ардак грамоталарга татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×