Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТоң району 20.05.2015 11:33

Айыл турмушу: Тоңдо багбанчыларды заманбап ыкмалар менен окуутуп, өздөрү жашылчалардан киреше тапкан окуу жай бар (фото)

Turmush -  Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында №81 кесиптик лицей бар. Анда учурда багбанчылыктын жаңы ыкмасын өздөштүргөн жана күнөсканаларда жемишитерди өстүргөн 80ден жакын адам окуудан өтүү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчиси Таалайбек Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар жаңы карагаттын түрлөрүн өстүрүүнү, күнөскана куруу, иштетүү боюнча кесиптик билим алышты. Алар 10 күн окуп, окуу жайда орун алган күнөсканада иштеп практикалык тажрыйба топтоого жетишти.

«Максатыбыз - жаңы ыкмаларды жайылтуу, заман талабына жооп берген адистерди тарбиялоо», - дейт ал.
Бул жерден билим алгандардын ичинде Нарын областынан келген да жарандар бар. Кыска мөөнөттүк окуудан өткөндөр 10 күнгө 300 сом төлөшөт.

Кызматкерлердин айтымында, каражат, окуу куралдарын жакшыртууга, материалдык базаны чындоого сарпталат.

Кыска мөөнөттүк окуулардан тышкары бул жайда атайын кесиптик билим берилет. Жалпы 38 мугалим билим берип, 244 окуучу бюджеттик бөлүмдө билим алат.

Кыска мөөнөттүк окууда балдар күнөскада жашылча өстүрүүнү үйрөнүшсө, бакчада карагаттын жаңы түрү болгон рондом, тисел, тивен карагаттарын өстүрүүнү үйрөнүшөт.
Окуу жай 1963-жылы ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×