Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.05.2015 09:40

Айыл турмушу: Тоң районунун Ак-Сай айылында 30 үй-бүлө биригип, жаңы сорттогу карагаттын түрүн өстүрүүдө

Turmush -  Тоң районунун Ак-Сай айылында 30 фермер биригип, «Ырысчылык» жана «Молчулук» аттуу эки топту түзүшкөн, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алар биргелешип, демонстрациялык жер тилкесин даярдашкан. Ал жерге долбоор менен жаңы көчөттөрүн тигип өстүрүшүүдө.

«Март айында долбоор менен Барнаул карагатынын көчөтүн алып келип тиктик. Эки жыл өстүрүп, анан чырпыктарынан көбөйтүп өстүрөлү деп жатабыз», - дейт топтун лидери Гүлбара Үмөтадиева.

Учурда алар өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн өстүрүү тууралуу ар кандай окуулардан өтүүдө. Алар карагаттарын жаңы жана эффективдүү болгон тамчылатып сугаруу жолу менен сугарышат.

IMG-20150519-WA0089

IMG-20150519-WA0087

IMG-20150519-WA0088

IMG-20150519-WA0086

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×