Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 19.05.2015 13:17

Айыл турмушу: Таластын Көпүрө-Базар айылында эки эгиз Эсен жана Аман Жабаевдер жаш төкмө акындардын айтыштарына катышып келишет (фото)

Turmush -  Талас районунун азыркы Көпүрө-Базар айылында 19-кылымдагы ак тандай акындардын бири Эсенаман Жалгаш уулу жарык дүйнөгө келген.

Маалыматка ылайык, учурда «Аккан арыктан суу агат» демекчи ак таңдай акындын жолун улап, Эсен жана Аман Жабаевдер улуулардын учун улоо алдында төкмөлүк өнөргө баш багып турган убагы.

Эки эгиз бул таланттар акыркы бир жылдан бери «Айтыш» коомдук фондундагы төкмөлөр мектебинде билим алып, кези келгенде өзү курактуу жаш төкмөлөр менен айтышып калат.

Эгиз таланттардын апасы Күлүйпа Сулайманкулованын айтымында, уулдары кичинекейинен эле куйкум сөздүү, уйкаштырып сөз кураган жайлары бар болчу.

Жаңыдан өсүп келе жаткан жаш төкмө акындарга жалпы Көпүрө-Базар айылынын тургундары ак батасын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×