Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусуКадамжай району 19.05.2015 09:51

Айыл турмушу: Кадамжайдын Үч-Коргон айылындагы чайканалар башка жерлерге салыштырмалуу тамактары даамдуу жана өзгөчө (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында өзгөчө чайканалар көп жана башка жерлерге салыштырмалуу тамактар даамдуу, дейт кардарлар.

Кызыгы, эмне үчүн бул жердин тамактары даамдуу болушунун сыры ачылбайт. Кээ бир адамдар суусу даамдуу деп айтышса, башкалары күрүчүндө деп айтышат. Бул суроолорго ашпозчулар жана чайкана башчыларытөмөндөгүдөй жооп беришти.

Шарафиддинов Салим Исфайрам жээгиндеги чайканалардын биринде башчы болуп 1997-жылдан бери эмгектенип келүүдө.

«Эки ашпозчу, эки официант эмгектенет, ашпозчулар бир тамак жасаганына 100 сом, ал эми официантка болсо бир конокту тейлегендиги үчүн 50 сом акча төлөп берем. Бул жылы аба ырайы мелүүн болуп жаткандыктан адамдар азыраак келишүүдө, бирок өткөн жылдары көп адамдарды тейлет элек насипке жараша Аллага шүгүр. Эски адамдар бул жерлерди «Хонахо» деп атап келишкен. Азыр биз Исфайрам чайканасы деп атап койгонбуз адамдарга түшүнүктүү болуусу үчүн», - дейт ал.

Шавкат Фазилов аталган чайканада ашпозчу болуп эмгектенет. «Мен күнүнө 10 тамактын түрүн жасаймын, алар: дымдама, аш, шорпо,жаркоп ж.б. Мен жасаган тамактарымдын сыры деле жок, негизинен чын ыклас менен көңүл коюп жасаганга аракеттенем», - дейт ал.

IMG_20150518_100624

IMG_20150518_100452

IMG_20150518_095827

IMG_20150518_095822

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×