Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу 18.05.2015 15:48

Айыл турмушу: Нарында милиция кызматкери Э.Жунусов кесиптик жумушунан сырткары музыкалык аспаптарда ойнотуп, «Манас» айтат (фото)

Turmush -  Нарын ОИИБнын Жол кайгуул күзөт кызматынын милиция кызматкери 27 жаштагы Эрназар Жунусов өзүнүн кызматынан сырткары бош убактыларында музыкалык аспаптарда ойноп, «Манас» айтып, ыр жазат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка карасак, Ат-Башы районунун кулуну болгон Э.Жунусов 1988-жылы туулган. Нарын ОИИБнын алдындагы Жол кайгуул күзөт кызматына келгенине 3 айдын жүзү болсо дагы, өз кызматын так аткарып келет. Музыкалык жактан шыгы бала кезинен бери кызыккан өнөрү, андан тышкары музыкалык аспаптарда ойноого кызыгып келген. Таланттуу Эрназар музыкалык аспаптардын баарын сатып алып колдонуп келет. Буга чейин Аскер кафедрасын бүткөн.
«Мендеги өнөр бала кезден эле бар, тагыраак айтканда мектепте окуп жүргөндө эле ырга шыгым болгон жана пианино, гтара ойнонго кызыгып, үйрөнчүк катары үйрөнүп келем. Андан тышкары, «Манас» айтуу менен ыр да жазып коем», - деди Э.Жунусов.

Изображение 033

Изображение 044

Изображение 067

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×