Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Талас облусу, Талас 18.05.2015 12:23

Айыл турмушу: Талас шаарынын тургуну Адилет төө буурчак эгүү бизнеси аркылуу 3 жылда бутуна турган (фото)

Turmush -  Талас шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Адилет Абдылдаев кичинекей кезинен бери эле бизнесмен, жеке ишкер болом деп самачу. Кийин чоңойгондо мектепти бүтүп, окуу жайга экономист адистигине тапшырган.

Ошол кичинекей кезиндеги максатын ишке ашыруу үчүн көптөгөн каражат керектеп, анан ал 4 га жерди ижарага алып, төө буурчак эгип иштетип, 3 жылдын ичинде бутуна туруп, Талас шаарында биринчилерден болуп, өзгөчөлөнүп, өзүнүн үйүн мейманканага ылайык кылып жасатып жана бильярд столун сатып алып, бассейн, сауна жайгаштырган.

Азыр Адилет өзүнүн кылган иши актап, бүт үй-бүлөсүн багууда. 1-5 адамга саатына 500 сом, эгерде 1 күнгө ала турган болсо 5000 сомду түзөт. Ага бассейн, сауна, бильярд кызматы да кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×