Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.05.2015 09:45

Айыл турмушу: Ат-Башы райондук ооруканасынын хирург дарыгери А.Адыранов 10 миңден ашык оор операцияларды жасаган (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, хирург дарыгери Асыранбек Адыранов жаш курагы 60тан ашып калса да учурда адамдарга операцияларды жасап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка ылайык, дарыгер 46 жылдан бери ооруканада эмгектенип келет. Жаш кадрлардын жоктугунан улам, оор операцияларды азыркы мезгилде да жасайт.

Билими жогорку, Москва шаарында окуп, билим алган. Ушул мезгилге чейин 10 миңден ашык оор операцияларды жасаган.

Ал эми дарыгердин жанындагы мед айым Таалайкүл Акунова 28 жылдан бери бул бөлүмдө эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×