Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусуТалас району 18.05.2015 09:42

Айыл турмушу: Талас районундагы Козучак айылынын тургуну Ж.Көкөев балык өстүрүп, кайра сатуу менен алектенет (фото)

Turmush -  Талас районундагы Бердике Баатыр айыл аймагына караштуу Козучак айылынын тургуну Көкөев Жеңишбек Баясович балык чарбачылыгы менен алектенет.

Козучак айылынын тургуну Жеңишбек айылдын эски БСРинин 20 сотых аянтына балык өстүрүүдө. Жеңишбек бул ишти 2014-жылдын июнь айларында баштаган. Ошол убактан бүгүнкү күнгө чейин 5000 балык өстүрүп сатып бүттү.

Малектер 3-5 см кезинде сууга кое берилип, 300-500 граммга чейин чоңойгон. Бул көлдө Ысык-Көл облусунун Тоң районунан алынып келген радужный форель аттуу балыктар өстүрүлүүдө. Балык чарбасын өнүктүрүүгө жалпысынан 600 миң сом сарпталган. Азыркы учурда балык малектеру Токмок шаарынан атайын контейнерлерге салынып алынып келинүүдө. Эгерде бул балыктар бир жыл толук багылса 3-3,5 кг түзөт.

Тамак ашы тууралуу айта кетсек, балык тамагы бир күндө 3 кг сууга чачылат. Ал эми 25 кг 4800 сомду түзүп, ал тамактар Даниядан алынып келинет. Азыркы учурда 1,500 даана балык бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×