Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусуТалас району 15.05.2015 18:07

Айыл турмушу: Талас районунун тургуну, саяпкер З.Токтоналиев Россиядан 18 миң долларлык аргымакты алып келип, багып жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын тургуну Замир Токтоналиев жакында эле Россиядан 18 миң доллар турган аргымакты алып келип, багып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, ал саяпкерликти атасы К.Токтоналиевден үйрөнүп, таза кандуу жылкы баласын аргындаштыруу аркылуу таптап, бир катар ат оюндарында ат чаап, жакшы ийгиликтерге жетишкен.

Учурда «Кеңешбек» атындагы асыл тукум жылкы заводун ишке берип, анда Россия жана Европадан таза кандуу асыл тукум жылкыларды алып келип, селекциялык иштерди жолго койду. Бүгүнкү күндө аталган чарбада 50гө жакын мыкты жылкылар багылып жатат. Жылкылар жайкысын Суусамыр жайлоосуна чыгып, күзүндө алар байгеге чабууга даярдыктан өтүшөт.

21-март - Нооруз майрамында З.Токтоналиевдин карагер кашка күлүгү 1-орунду камсыз кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×