Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Баткен облусу 15.05.2015 13:14

Баткенде СССРдегиден да эки эсе мыкты шарты бар казармалар курулуп, кызмат өтөөнү каалаган аскерлердин катары өсүүдө (фото)

Turmush -  Баткен облусунда шарты катаал аймактарда кызмат өтөшкөн чек ара жоокерлерине жана офицерлерге бардык шарты бар, заманбап үйлөр, казармалар курулууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул иштер Президенттин тапшырмасы менен жүзөгө ашырлып жаткан бул долбоордун негизинде ишке ашууда.

Маалыматта акыркы эки жылдын аралыгында өлкөнүн чек ара бүтүндүгүн коргоону жакшыртуу багытына 2 млрд сомдон ашыкча акча каражаттары бөлүнгөн.

Алардын бири алыскы Баткен облусундагы Кара-Бак чек ара заставасындагы жаңы ачылышка вице-премьер-министр А.Маматалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Ж.Разаков жана Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармасынын башчысы У.Шаршеевдер катышты.

Буга чейин дубалдан тургузулган эски имаратта жашап, кызмат өтөп келишкен Баткендеги Кара-Бак чек ара заставасынын жоокерлери эми жаңы имаратка көчүшөт. СССРдин тушундагы аскердик казармалардан да эки эсе мыкты жасалган казарманын шарты менен Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы польковник Уларбек Шаршеев тааныштырды.

Муздак суу, ысык суу эле эмес жуунуп тазалануучу душтарына чейин акыркы үлгү менен жасалган жоокерердин казармасына кондиционерлер да коюлган. Ар бир чек арачы үчүн шкаф, жылуу жүндөн
жасалган шейшептер менен камсыздалган. Ата Мекен үчүн кызмат кылуусу үчүн бардык камкордуктар көрүлгөн.

Мындай мыкты шартта кызмат өтөп жаткан ноокаттык Халил Замирбек уулу болсо эмитен эле келишимдик негизде бөлүктө кызмат өтөөгө камданып жатыптыр.

Аскер кызматындагыларга көрүлгөн мындай камкордуктан улам Ата Мекенге кызат кылуунун сапаты да жакшырууда. Өткөн жылы Баткен чөлөкөмү боюнча чек арага келишимдик негиз менен 230 жаран жетпей жаткан болсо, эми тескерсинче кызмат өтөөнү каалоочулар көбөйүп, аларды тандоо менен аскерге алуу башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×