Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 15.05.2015 09:12

Алай районунун тургуну 150 кг эт берүүчү 40 кой багууда

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылынын тургуну Сагын Умаров эт көп берүүчү асыл тукум койлорду багып келет. Ар бир кой 150 кг чейин эт бере турганын аймактык кабарчыга билдирди.

Сагын Умаров эт багытындагы койлорду 7 жыл мурун Тажикстандын Хатлон облусунун Куляб шаарынан алып келген.

«Мен 2008-жылы энциклопедиялардан окуп, эттүү койлор бар экендигин билип калдым. Аны издеп жүрүп таап, 3-4 айлык козуларды 6 миң сомдон сатып алып, жергиликтүү койлор менен аргындаштырып көрдүм. 3 жашар койлор 130-150 кг чейин эт берет. Мен 20 кой алып келип көбөйтүп жатам. Койлор деңиз денгээлинен 4000 метр бийиктикке жашоого ыңгайланган. Бул  пароданы кой менен аркарды аргындаштыруу менен алышкан. Ошон үчүн койлор тоолуу аймактарга ыңгайлуу», - деди С.Умаров.

Асыл тукум койду алууга 4 жыл убакыт  кетээрин малдын ээси кошумчалады.

«Биз биринчи жергиликтүү койлор менен аргындаштырганда 30% кан  асыл тукумдуку, калган70% кан жергиликтүү койлордун каны болот.

Аны таза асыл тукум кылып алуу үчүн 4 жыл убакыт керектелет. 4 жылда кан тазаланып, асыл тукумдуу кой алууга болот. Азыр козуларды 10 миңден 13 миңге чейин сатып жатабыз», - деди С.Умаров.

Учурда асыл тукумдуу койлордун саны 40ка жеткен. Асыл тукумдуу  бир койдун баасы 18 миңден 20 миң сомго чейин  болуп жатат.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×