Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусуТалас району 12.05.2015 12:43

Айыл турмушу: Таластагы Арал айылынын тургуну биринчи ирээт сабиз айдап, ЕЭСке кирген өлкөлөргө сатууга даярданып жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 21 жаштагы тургуну Насыкулов биринчи ирээт 0,50 га аянтка сабиз айдап жатат. Өзү студент болсо да жайды жайлай сабиздин жумуштары менен алектенем деген жаш дыйкан бүгүнкү күнү сабиздин жерин даярдоо менен алек.

Сабизди көп аянтка айдоо идеясы жаш дыйканга 2013-2014-жылы сабиздин баасынын кымбат болушу түрткү болгон. Мындай аянтка картөшкө же өсүмдүк башка түрүн айдаса да болмок, бирок сабиздин жумушу азыраак жана көп убакытты талап кылбайт.

Бул учурда себилип калуусу керек эле, эмнеге кеч сээп жатасыз деген суроого Арзымат мырза «жердин асылдуу болуусу үчүн атайын даярдалган биоорганикалык жер семирткичтерди сээп 40 күн күттүм», - дейт.

«Мындан сырткары, бүгүнкү күнү жерди сугарып анан айдаттым. Эми сабиз чыгып жетилгенче чөп анча көтөрүп албайт», - дейт ал.

0,50 га жер аянтка сабиз эгүү үчүн жерди айдатып, тегиздеткенге 2000 сом жана атайын септиргенге 5000 сом сарпталаары маалым болду. Жаш дыйкан жакында Кыргызстан бажы биримдигине кирип калса, жакынкы чет өлкөлөргө өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясын сатып, шаар кыдырып келээрин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×