Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.05.2015 09:55

Айыл турмушу: Жумгалдык фермер айым Ж.Тойчубекова 20 жылдан бери трактор айдап келет (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Эпкин айылынын тургуну жергиликтүү фермер айым Жамиля Тойчубекева акыркы 20 жылдан бери трактор айдап келет, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, айылдагы фермер айымдын жаш курагы 60тан ашып калса дагы трактор айдайт. Учурда фермер жалаң дыйканчылык менен алектенип, жер айдоого катышса, айрым учурда комбайн да айдап жетишкен.

«Менин трактор айдап иштеп калган да күндөрүм болгон. Негизи айдоо абдан эле оор, бирок, эптеп көндүм. Комбайн тракторго караганда ал бир аз жеңилирээк сезилет. Фермерлик кылып иштеп, жылына 50га өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерди ижарага алып, иштетип келем. Учурда үрөн кампабыз дагы бар», - деди Ж.Тойчубекова.

10

9

8

7

видео:  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×