Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.05.2015 09:56

Айыл турмушу: Каракол шаарында 20 жылдан бери жекшемби күндөрү чыгуучу базарды «Славян базары» деп аташат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук деп саналган Токтогул көчөсүнүн батыш тарабында 20 жылдан бери жекшемби күндөрү гана чыгуучу жайма базар бар. Бул базарды элдер «Славян базары» деп аташат.

73 жаштагы соодагер Татьяна Михайлицскаянын айтымында, ушул жерге эң биринчи 5-6 эле кемпир чыгышчу, анан жылдан-жылга сатуучулардын саны көбөйүп отуруп, азыр эки көчөнү ээлеп калышты.

«Мен болсо абышкамдын темир шаймандарын, Совет мезгилиндеги китептерибизди, гүл сатып пенсияма кошумча каражат таап алам. Базарга атайын эски буюмдарды издеп келгендердин саны арбын, антиквариаттарды да бул жерден көп таап кетишет», - деп билдирди.

«Славян базары» негизинен Советтик доордогу колдонулган ар кандай буюмдарды сатуусу менен белгилүү. Аталган базарга областтын ар кайсы райондорунан кардарлар келип издеген нерселерин таап, сатып алып кетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×