Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуЖумгал району 12.05.2015 09:19

Айыл турмушу: Жумгалдык жаш талант Д.Көлмөбек уулу 10 жашынан бери бий өнөрүн өздөштүрүп, учурда 20 балага кыргыз бийин үйрөтөт (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын тургуну 19 жаштагы Данияр Көлмөбек уулу 10 жашынан бери бий өнөрү менен алектенип келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ал 1996-жылдын 13-декабрында туулган. Андагы Дыйкан азыркы Баш-Кууганды айыл өкмөтүндө жашап, үй-бүлөдө эң жөндөмдүү жана таланттуу уулдардын бири.

Данияр бий өнөрүн мектеп жашынан баштаган. Анда 10 жаштагы жаш өспүрүм бий өнөрүнө кызыгып, ар кыл багытта бийлерди үйрөнүп, бийлеп келген.

Мектепте окуп жүргөндө эле шыктуу, талантуу жана жөндөмү зор окуучулардын алдыңкы катарын толуктаган. Учурда кичи мекенинде «Жалын» бий тобун түптөп, анда 20 баланы тарбиялап, аларга бий өнөрүн үйрөтүп келет.

Анда «кыргыз бийин», «сынма бийин», «жалын бийин» жана «кара-жорго», «чыгыш бийлери» менен «европа бийлерин» бийлеп балдарга үйрөтүп келет.

Даниярдын бий тобу жок жана өзүнүн бийи болмоюн айылда той-топур өтпөйт жана майрамдык иш-чараны «Жалын» бий тобу жетектеп, уюштуруп келет. Көптөгөн сынактардын катышуучусу жана жеңүүчүсү.

1

2

3

4

5

6

видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×