Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.05.2015 15:38

Жети-Өгүз районунда мугалимдердин манасиадасы өттү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда мугалимдердин манасиадасы өттү. Бул тууралуу Саруу айылынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда Саруу айылынын Ж.Чабалдаев атындагы мектебинде мугалимдердин манасиадасы өтүп, анда тогуз коргоол, волейбол, стол тениси боюнча мелдештер өттү. Манасиада райондук спорт жана дене тарбия бөлүмүнүн демилгесинде уюштурулган. Мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдер парады өтүп, манас айтуу боюнча сынак жүрүп, ал боюнча да сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×