Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуТалас району 07.05.2015 18:53

Айыл турмушу: Таласта 91 жаштагы согуш ардагери А.Жүндүбаев 11 км аралыкты велосипед менен басып өттү (фото)

Turmush -  Талас районунун А.Нуржанов айыл аймагынын Көк-Токой айылынын тургуну, ардагер Абдымажит Жүндүбаев 91 жаш курагына карабай жаш балдар менен биргеликте «Манас Ордо» комплексинен баштап, Талас шаарынын борборуна чейинки 11 км аралыкты велосипед тээп өттү.

Абдымажит ардагерди коштоп, «Дил мүрөк» адеп ахлак маданият борбору, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары да жүрүштү.

Ардагер «Баатырлар» паркына келип токтоп, Улуу Ата Мекендик согуштан курман болгон жоокерлерди эстеп гүл коюу аземине катышты. Бүгүнкү өтүлүп жаткан иш-чаранын максаты - жаш өсүп келе жаткан балдарды спорт түрүнө кызыктыруу болуп саналат.

Соңунда белгилей кетсек, А.Нуржанов айыл аймагынын Көк-Токой айылынын кадырлуу ардагери Абдымажит Жүндүбаев 1924-жылы 2-январда Көк-Токой айылында төрөлгөн. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка Мекенин коргоого аттанып, эки ай даярдыктан өткөн соң Финляндия, Эстония жана Москва шаарларын бошотууга катышкан. Согуштан 1949-жылы кайтып келген. Согуштагы каармандары үчүн орден, медалдар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×