Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 07.05.2015 12:52

Айыл турмушу: Балыкчылыктар кургатылган балык сатуу сезонун башташты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында балык сатуучулар сезон болгон кезде күнүнө 10 кг кургатылган балык сатышат.

Балык сатуучулук менен 15 жылдан бери алектенген соодагерлер балыктар көбүнчө июнь-июль айларында жакшы өтөөрүн билдиришет.

Сатуучулардын айтымында, эң кызыктуусу соодагерлер балыктарды Бишкек шаарынан алып келишет, бирок кардарлар да Бишкектен келген эс алуучулар же борборго бара жаткан тургундар. Алар көлдөн «базарлык» катары алып барышат.

«Кургатылган балыктардын бир даанасы 40 сомдон 300 сомго чейин болот. Коробкалап алып келебиз. Бирөө он килограммдык. Аны эки күндө сатып бүтөбүз», - дейт сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×