Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.05.2015 11:48

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Жуманов 1 гектар таштак жерди ижарага алып, тазалап, кулпунай өсүүчү талаага айлантты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Аскар Жуманов Комсомольский көлүнүн чыгыш жагындагы какырап эч нерсе өспөй турган 1 гектар 10 сотых таштак жерди 5 жылга ижарага алып, тазалап, бүгүнкү күндө кулпунай талаага айлантты, деп билдирет аймактык кабарчы.

А.Жумановдун айтымында, бул жерди ал башында 5 жылга ижарага алган.

«Кийин өзүмө жеке менчикке өткөрүп алдым. Быйыл кулпунай эгип, иштеткениме 9 жыл болот. Кулпунай жакынкы күндөрдө бышат. Былтыр 9-майда бышып калган эле. Май, июнь айларында жакшы мөмөлөйт, анан бир ай эс алып, кышка чейин быша берет. Кулпунайды 3 күндө бир суугарып турам. Эки жолу чабылат. Үй бүлөм менен чабыгына жетише албайбыз. Мектептен окуучулар жардам беришет. 1 метр чапкан жерине 1 сомдон төлөп берем. Бышып, терүү мезгилинде бир чакасына 50 сомдон төлөп тердирем. Күнүнө 8-9 чака кулпунай терилет. Көбүнчө терүүдө аял кишинин колу талап кылат», - деп билдирди ал.

Аскар Жуманов учурда 59 жашта, ал Күрп-Сай ГЭСинде иштейт. Бош убактысында кулпунайларын жана короосун жашылдандыруу менен алектенет.

75

76

77

79

80

78

81

84

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×