Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусу, Кара-Балта 06.05.2015 15:10

Айыл турмушу: Кара-Балтадагы мырзалар монастырында монах болууга умтулган 4 иеромонах жашайт (фото)

Turmush -  Кара-Балтада шаардык чиркөөгө караштуу мырзалардын монастыры бар. Ал жайда 2 жергиликтүү жана 2 Орусиядан келген иеромонах жашайт.

Алар кеминде 20 жылдан бери чиркөөгө кызмат кылып келишет. Баары тең келечекте монах болууну пландап жатышат.

Макарий алардын эң улуусу, Ал Татарстандан келген, мурда үй-бүлөсү бар болчу бирок, азыр үй-бүлөсү тууралуу сөз кылуу ал үчүн ыңгайсыз. Анткени, монахтардын жашоосу бир гана Кудайга кызмат кылууга арналат жана алар никеге турушпайт.

«Монах болоордон мурда бир нече татаал сыноо эпаптарын басып өтүшү керек, ошондон кийин гана «монах» деген ат берилет», - деди Макарий.

Иеромонахтардын жашоосу ар бир мүнөтүнө чейин туура бөлштүрүлгөн. Таңкы саат 5:30да туруп, Кудайга сыйынуу менен күндү башташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×