Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.05.2015 13:34

Айыл турмушу: Кара-Көлдө 43 жаштагы мугалим У.Садабаев футбол оюну боюнча 150 окуучуну машыктырат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы өспүрүмдөр-балдар спорттук мектебинин алдындагы, шаардын 3-класстарынан тартып, 11-класска чейинки орто мектептин окуучулары, мугалим Улан Садабаевден футбол сабактарын үйрөнүп, «Энергетик» стадионунда бир жумада 5 жолу, 2 сааттан машыгуудан өтүшөт, деп билдирет аймактык кабарчы.

«Бизде 150 жаш бала машыгуудан өтөт. Даярдыктар жакшы. Болгону акча каражат тартыштыгы, өсүп келе жаткан балдардын мүмкүнчүлүгүн чектеп коюууда. Эки жакка чыгуубуз да аз, демөөрчүлөрүбүз жок.

Ушул жылы Жалал-Абад облусунун 97-98-жылкы уландардын спортакиадасы Кочкор-Ата шаарында болуп өттү. Бирок, футболдук беттешүү оюндары таза, ачык, калыстык менен өткөн жок. Баары башынан сүйлөшүлгөн экен. Биздин балдарга 3-орунду берип коюшту. Жеңилген жеңишке тойбойт дешпесин, мен чындыкты айтып жатам. Биздин балдар биринчи орунга татыктуу болчу. Бизге ал мүмкүнчүлүктү беришкен жок», - деп нааразычылыгын айтты.

Улан Садабаев Бишкетеги Дене тарбия институтунун бүтөрүүчүсү. Кесибинин багыты футбол боюнча машыктыруучу. 1-классынан тартып, Кара-Көлдүн футбол бонча курама командасында алгач ойноп баштаган.

«Биздин убакта Ташкенттен, Казакстандан футболчулар келип, ушул «Энергетик» спорт комплексинде мелдештер өткөрүлөр эле. Азыр андай оюндар көп жылдардан бери өтпөй калды. Анын үстүнөн баары келип каражатка такалат эмеспи», - дейт ал.

Улан Садабаев көптөгөн республикага таанымал командаларда ойноп келген. Маселен, «Алга», ИИМдин «Динамосунда», Дене тарбия иниститутунун «Шумкар» командаларында ойноп, көптөгөн ийгиликтерди жараткан. 2001-жылы Ирандагы футболдук оюндарга катышып келген. Кийинчерээк Казакстандын Алма-Ата шаарынын 1-лигасында 4 жарым жыл футболчу болуп эмгектенет.

Турмуш шартка байланыштуу Россияга барып, Американын НКС (насосный компрессорный станция) ишканасында иштеп, 700 кыргыздын башын кошуп, футболдук топ түзгөн. Ошол ишкана жумушчулары арасында футболдук мелдеш өткөрүп, филиппин, корея, япондордун ичинен кыргыздар биринчи орунду жеңип алышкан.
Жакында Бишкектеги КРнын футбол боюнча федерациясы машыктыруучуларды даярдоо курсун өткөрдү. Ал курсту «C», «D» класстары боюнча бүтүп келген Улан Садабаев, бүгүнкү күндө балдарга алган тажырыйбасын тең бөлүшүүдө. Өзү U-15 аттуу командасын машыктырууда.

Учурда 43 жашка толуп калса дагы шаарда өткөрүлгөн кышкы сезондогу мекеме, ишканалар арасындагы футболдук мелдештерде катышып, өз командасы менен иштеген жеринин намысын коргоп келет.

53

56

57

58

59

60

61

63

6264

69

70

68

52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×