Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.05.2015 10:26

Айыл турмушу: Караколдо мергенчилик үчүн лайка породасындагы иттерди багуу популярдуу болууда (фото)

Turmush -  Каракол шаарында лайка породасындагы иттерди багуу абдан популярдуу болууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, көптөгөн жарандар мергенчилик үчүн мындай иттерди багышат.

Шаардын тургундарынын бири эки жыл мурун лайканын кичинекей баласын жергиликтүү базардан сатып алган. Аны ал Белка деп атаган. Эми азыр Белка чоңоюп, кожоюну менен бир нече жолу мергенчиликке чыккан.

«Мындай иттердин мергенчилик туюму катуу өнүккөн, аны менен катар көзүнүн көрүүсү, угуусу жакшы», - дейт иттин кожоюну.

Лайканын максаты чымчыкты же жаныбарды көргөндө мергенчиге үрүү менен жол көрсөтүү болуп эсепетилнет.

Лайка менен кичинекей жана аюу, кабан сыяктуу ири жаныбарларга дагы мергенчиликке чыкса болот. Мындай ири жаныбарларды лайка үрүү менен гана токтотпостон арткы бутун тиштөө менен токтотот.

Ушул жылдын январь айында Белка 4 баланы тууган. Үч баласын ээси сатып, ал эми бирөөсүн өзүнө калтырып койгон. Учурда аны ал мергенчилик жолдоруна үйрөтүп жатат.

«Менин көптөгөн тааныштарым лайк породасындагы иттерди өзүнө алышты. 2-3 айлык кичинекей иттер 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин сатылат. Улуулары андан да кымбат сатылат. Мындай иттерди кармоо абдан оңой, алар өзгөчө көңүл бурууну деле талап кылышпайт», - деп билдирди иттин ээси.

38

40

42

43

44

45

46

48

49

50

52

54

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×