Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуАт-Башы району 05.05.2015 12:22

Айыл турмушу: Ат-Башыда 17 жылдан бери соода кылган айым Ж.Абдраиманова кол өнөрчүлүк ишмердигин да бирдей алып барат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы борбордук базарда соода кылган Жумакан Абдраманова 17 жылдан бери жеке соодагерчилик менен алектенет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сатуучунун айтымында, соода тармагында көптөн бери иштеген кызматынан тышкары, колго атайын төшөк көктөп аны базар баасында сатып, иш алып барат.

«Базарда соода кылуудан башка дагы кол өнөрчүлүк менен алектенем. Учурда бир төшөктү көктөп, аны даярдап сатуу баасы 800-1200 сом. Андан тышкары жаздыкча жана майда төшөкчө курап сатабыз», - деди Ж.Абдраманова.

атбашы ишкер айым (1)

атбашы ишкер айым (2)

атбашы ишкер айым (3)

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×